

Мамлекеттик «Сон-Көл балык чарбасы» ишканасынын кызматкерлери Сон-Көл көлүндө балык ресурстарын коргоо жана суу айдынынын экологиялык абалын жакшыртуу максатында рейддерди улантууда. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, бул иш-чаралар 2026-жылдын июнь айында башталган.
Текшерүү учурунда адистер мыйзамсыз синтетикалык балык уулоочу торлорду аныктап, демонтаждашат. Бүгүнкү күндө көлдүн акваториясынан 37 километр тыюу салынган балык уулоочу шаймандар алынды.