Экология жана техникалык көзөмөл кызматы Кыргызстандын Табигый ресурстар министрлиги менен Бишкек шаардык экологиялык прокуратурасы Ысык-Көлдөгү бир нече пансионаттарда пландан тышкаркы текшерүүлөрдү өткөрүп, олуттуу мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын маалымат кызматы маалымдады.
Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө 54 административдик мыйзам бузуулар боюнча протокол түзүлүп, пансионат ээлерине жалпы суммасы 767 миң сомго айып пулдар дайындалды. Ар бирине аныкталган мыйзам бузууларды тез арада жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилди.