8-июлга караган түнү украин учкучсуз учактары Орусиянын аймагындагы инфраструктуралык мунай объекттерине жана аскер буталарына кайрадан сокку урду.Саратовдо чабуулдан кийин мунай өндүрүүчү заводдо өрт тутанды. Губернатор Роман Бусаргин бир адам каза болуп, бир нечеси жараат алганын билдирди. Анын айтымында, жарандык инфраструктуралык объекттерге зыян келтирилген.Мониторинг жүргүзгөн Телеграм-каналдар чабуулдун бутасы "Роснефть" компаниясынын мунай өндүрүүчү заводу (МӨЗ) болгонун...