Ош шаарында Краснофлотская көчөсүндө жайгашкан 96 батир муниципалдык менчикке өткөрүлдү. Бул батирлер Женишбек Токторбаев мэр болуп турган учурда бөлүштүрүлгөн. Бул тууралуу вице-мэр Шумкарбек Пайзиев билдирди.

Батирлерди бөлүштүрүү боюнча комиссиянын биринчи жыйыны бүгүнкү күнгө белгиленген, андан кийин турак жайды учурдагы мыйзамдарга ылайык расмийлаштыруу процесси башталат.