
Чүй облусунда калкты ичүүчү жана сугат суусу менен камсыздоо маселелери боюнча күрөш уланууда. Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев «Кабар» агенттигинин подкастында актуалдуу маалыматтар менен бөлүштү.
Аширбаевдин айтымында, ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча мурунтан ишке киргизилген бир катар долбоорлор күтүүлөрдү актаган жок. Ошондой эле сугат тармагында эски ирригациялык системалар жергиликтүү фермерлердин муктаждыктарын толук канааттандырууга жөндөмсүз экендиги байкалууда.
«Азыркы учурда суу менен камсыздоо жана сугат системалары мамлекеттин көзөмөлүндө жана бирдиктүү стратегияга ылайык модернизацияланууда. Суу сактагычтар, суткалык жөнгө салуу бассейндери жана магистралдык каналдар курулууда, ошондой эле ирригациялык тармактарды калыбына келтирүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Панфилов районунан Кеминге чейин суу топтоо үчүн кыш мезгилинде колдонулуучу бир нече суу сактагычтарды куруу пландалууда. Биздин максат — дехканды сугат суусу менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана анын натыйжалуу пайдалануу ыкмаларын киргизүү», — деди ал.