Кыргызстандагы футбол чемпионатынын бир оюну авиарейстердин токтотулушуна байланыштуу жылдырылды, деп билдирет Кыргыз футболунун профессионалдык лигасы.
15-турдун алкагында, 8-июлда Ош шаарындагы Ахматбек Суюмбаев атындагы стадиондо «Алай» жана «Токтогул» командалары беттешиши керек болчу.
Авиарейстердин токтотулушуна байланыштуу, оюн пландалган убакта өтпөйт. Оюндун жаңы күнү жана убактысы боюнча кошумча маалымат берилет.