7-июлда Женевада Кыргызстандын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун (ВОИС) мүчө мамлекеттеринин 68-сессиясынын ачылышында сөз сүйлөдү. Өз билдирүүсүндө ал БУУ мамлекеттерине Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин убактылуу мүчөсү болуп шайланышын колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди, өлкөнүн көп тараптуу кызматташуу жана эл аралык коопсуздук принциптерине берилгендигин белгиледи.

Министр өлкөдөгү институционалдык реформаларга көңүл бурду, ал аркылуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги түзүлгөн. Бул илим жана интеллектуалдык менчик сыяктуу ар кандай тармактарды бириктирүү мамлекеттик саясатты натыйжалуу координациялоого мүмкүндүк берет жана билим экономикасынын өнүгүшүнө көмөктөшөт.