Анкарада НАТОнун жылдык саммити уланууда. Жолугушуу Украинадагы жана Ирандагы согуштардын фонунда өтүп жатат. АКШ мүчө мамлекеттерди коргонуу тармагына көбүрөөк каражат сарптоого чакырып келатат.Былтыр Гаагадагы жолугушууда альянс 32 өлкө 2035-жылга карай ички дүң өндүрүмүнүн 5 пайызын коргонууга жумшоону макулдашкан. Анын 3,5% курал-жарак жана башка аскердик жабдууларды сатып алууга сарпталары белгиленген. Калганы аскердик инфраструктураны бекемдеген инвестицияларга багытталышы...