Кыргызстанда ушул жылдын январь айынан май айына чейин өндүрүштүн деңгээли 14 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде Экономика жана коммерция министрлигинин өнөр жай чөйрөсүн талдоо бөлүмүнүн башкы адиси Айжан Жумашева билдирди.