Куралдуу күчтөрдүн 52870-аскер бөлүгүнүн полигонунда бүгүн атайын тактикалык машыгуу өткөрүлдү. Кыргызстандын Коргоо министрлиги бул иш-чаранын өткөрүлгөнү тууралуу маалымдады. Машыгууларга Коргоо министринин орун басары Алмазбек Кулмурзаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана аскер кызматкерлеринин катышты.