Кыргызстандын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинде 8-июлда кызматташуу боюнча эки меморандумга кол коюлду. Иш-чаранын катышуучулары биринчи вице-министр Гульнура Мамырова жана «Ишкер» кичи жана орто бизнес ассоциациясынын төрагасы Батырбек Сыдыгалиев болду.
Биринчи меморандум «Ишкер» ассоциациясы менен квалификациялуу кадрларды даярдоо, ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүү жана инновациялык демилгелерди колдоо боюнча кызматташууга багытталган.