1 миллион сомдук пара талап кылган Минсельхоздун кызматкерлери кармалды

Кыргызстанда Су ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жер жана суу көзөмөл кызматынын кызматкерлери пара талап кылуу боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) маалымат берди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Чүй-Бишкек аралык башкармалыгынын кызматкерлери суу коргоо аймагында туристтик объекттин курулуш долбоорун макулдашуу үчүн 1 миллион сом талап кылышкан. Кылмыш фактысы боюнча, Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш боюнча тергөө башталган, 2026-жылдын 7-июлунда башкармалыктын жетекчиси жана башкы инспектор пара алууда кармалды.