Мамлекеттик физикалык тарбия жана спорт агенттигинин орун басары Болотбек Ашыралиев 20 жашка чейинки жаштар арасында эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында сыйлык алган кыргызстандык спортчулар менен жолугушуу өткөрдү. Турнир 27-июндан 5-июлга чейин Тайланддын Паттайя шаарында өттү. Бул мелдеште өлкөнүн спортчулары чоң ийгиликтерге жетишти: Иса Исаков 65 кг салмак категориясында чемпион болду, ал эми Адиль Табылдыев 70 кг салмакта коло медаль утту.
Жолугушуу учурунда Болотбек Ашыралиев балдарды жана алардын машыктыруучуларын чемпионаттагы ийгиликтери менен куттуктады. Ал спортчулардын мындан аркы өнүгүүсүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду жана келечектеги дүйнө чемпионаттарында жана башка эл аралык турнилерде дагы жогорку натыйжаларга жетүү үчүн мүмкүн болгон жолдорду талкуулады.