
«Ак-Тилек» өткөрмө пунктунун жанындагы «Сводный пост» боюнча текшерүү иш-чараларында фитосанитардык нормалардын бузулушу аныкталды. Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Казакстандан 36 тонна азык-түлүк унун алып кирүү токтотулганы тууралуу маалымдады. Жүк карантиндик продукция үчүн милдеттүү сертификаттын жоктугунан улам жөнөтүүчүгө кайтарылды, бул фитосанитардык коркунучту жаратат.