Кыргызстан 2026-жылы коңшу жана өнөктөш мамлекеттерден электр энергиясын алуу боюнча келишимдерди түзүп, жалпы 4 млрд 99 млн кВт/саат импорт кылууну пландаштырууда. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков 8-июлда журналисттерге билдирди.Импорттук электр энергиясы ички өндүрүш менен биргеликте өлкөнүн энергетикалык системасындагы жүктөмдү тең салмактоого жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз камсыздоого багытталган.Министр быйылкы керектөө жана өндүрүш жөнүндө маалыматты тактаган...