Электромобилдердин саны көбөйүүдө: Минэнерго заряддоо станцияларын орнотууну активдештирди

Акыркы жылдарда Кыргызстанда электр унаалардын санынын көбөйүшү байкалууда, бул Энергетика министрлигин өлкө боюнча жетиштүү заряддоо станцияларын орнотууга дем берүүдө. Энергетика министри Алтынбек Рысбеков бул тууралуу «Кабар» агенттигине берген интервьюсунда билдирди.
Бүгүнкү күндө бул багытта активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Айрыкча, Бишкектен Ысык-Көл облусуна чейин трасса бойлоп электр заряддоо түзмөктөрүн орнотуу белгиленген план боюнча жүрүүдө, жана заряддоо станцияларынын саны муктаждык деңгээлине жетти.