Кыргызстандын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жер жана суу көзөмөл кызматынын кызматкерлери ири суммадагы пара талап кылганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети маалымдады.
Маалыматтарга ылайык, Чүй-Бишкек аралык башкармалыгынын өкүлдөрү туристтик объекттин курулуш долбоорун суу коргоо зонасында макулдашуу үчүн 1 миллион сом талап кылышкан.