Кыргызстандын Энергетика министрлиги күн энергиясын өндүрүү үчүн күн панелдерин орнотууну каалагандарга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин жарыялады. Бул тууралуу министр Алтынбек Рысбеков маалымат жыйынында билдирди.

Министрдин айтымында, каалаган адам өзүнүн чатырында 15 киловаттка чейин кубаттуулуктагы күн панелдерин орното алат. Бул чектен ашпаган орнотуулар электр энергиясынын ашыкчалыгын сатууда лицензиялоодон бошотулат.