Лебединовкада талаштуу жер участкаларына берилген «кызыл китептердин» мыйзамдуулугун текшеришет

Бишкек шаарындагы Октябрь районунун акими Жолдошбек Чуштуков жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, Лебединовка айылындагы 151 контурдагы жер участкаларына байланыштуу маселелерди талкуулады.


Тургундар 14 жыл мурун айыл чарба үчүн бөлүнгөн жерлер жеке турак жай курулушу категориясына өткөрүлгөнүн билдиришти. Үч жыл мурун кээ бир ээлерине жеке менчик укугу боюнча мамлекеттик актылар берилген, бул процедуранын мыйзамдуулугу боюнча талаштарды жаратты.


Жолугушуу учурунда Чуштуков жарандар тарабынан сунушталган документтер менен таанышып, маселе мыйзам чегинде чечилерин белгиледи. Ал: «Сиздер 14 жылдан бери чечилбеген маселени көтөрүп жатасыздар. Биз бул маселени чечүү боюнча иштей баштадык. Ар бир жер участкаларынын ээсин аныктоо маанилүү. Биз 33 участок боюнча маалымат сурап жатабыз, прокуратура керектүү материалдарды даярдайт», — деди.


Ошондой эле, учурда аймак толугу менен Октябрь районунун башкаруусунда экенин, бирок документтерди текшерүү жана жерлердин мыйзамдуулугун баалоо жүргүзүлгөндөн кийин гана акыркы чечим кабыл алынарын кошумчалады.


Райондук администрациядан билдиришкендей, текшерүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен биргеликте жүргүзүлөт жана бардык сунушталган материалдарга юридикалык баа берилет.