Электромобилдер Кыргызстанда: жеңилдиктер, пайда жана негизги көйгөйлөр

Экономист Кубат Рахимов Кыргызстанга электромобилдерди киргизүү боюнча жеңилдиктерди узартуу маселесин талкуулады. Ал өлкө Евразия экономикалык биримдигинин мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, региондогу жалпы отун кризисин эске алып, кошумча жеңилдиктерди орнотууга мүмкүнчүлүк бар деп эсептейт.


— Бүгүнкү күндө негизги маселелердин бири — электромобилдерди киргизүү боюнча жеңилдиктер узартылат беле. Сиз бул жагдайды кандай баалайсыз?