Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Бельгия, Германия жана Түркиядан келген эл аралык адистер менен жолугушту. Адистер илимий-практикалык конгресске жана 9-10-июлда Ысык-Көлдө өтө турган билим берүү программасына катышуу үчүн өлкөгө келишти.
Жолугушууга министрдин орун басары Бакытбек Кадыралиев жана Саламаттык сактоо министрлигинин башкы консультативдик урологу, Борбордук Азиянын сексуалдык медицина коомунун президенти профессор Нурбек Монолов да катышты. Иш-чаранын катышуучулары Кыргызстандагы урологиялык кызматтын өнүгүү келечегин, медициналык кадрларды даярдоону жана медицина тармагына заманбап технологияларды киргизүүнү талкуулашты.