Курулуш жана инфраструктура министрлигинин кызматкерлери рейд өткөрүп, Валиханов көчөсүндөгү тогуз кабаттуу турак үйдүн айланасындагы аймактарды, ошондой эле Бишкектеги Мичурин, Жашыл жана Загорская көчөлөрүндөгү көп кабаттуу имараттарды текшеришти. Благоустройство иштеринин сапаты начар экендиги аныкталды.
Министрлик ички кирүү жолдорун, тротуарларды, автоунаа токтотуучу жайларды жана сырткы жарыктандырууну уюштуруу боюнча талаптар толук аткарылбаганын белгиледи. Ошондой эле, тиешелүү жашылдандыруу жана жапырт благоустройство иштеринин жоктугу байкалууда.