Кыргызстандын курама командасы Москвада өткөн ат спорту боюнча мелдеште 34 медаль утуп алды
Кыргызстандын курама командасы Maxima Master’s Eurasia кубогунда ийгиликтүү катышып, 34 медаль утуп алды. Маалымат Кыргызстандын ат спорту федерациясы тарабынан берилген.

Мелдеш 2-июлдан 5-июлга чейин Москвада өтүп, катышуучулар ат спорту боюнча ар кандай маршруттарда атаандашышты.