
7-июлда Жалал-Абад облусунда УККБ, Улуттук диний иштер агенттиги жана этностор аралык мамилелер боюнча өкүлчүлүк тарабынан уюштурулган тегерек стол өттү. Иш-чарага ар түрдүү диний конфессиялардын өкүлдөрү катышып, диний диалогдун тынчтыкты бекемдөө жана диний негиздеги конфликттерди алдын алуу үчүн маанилүүлүгүн белгилешти.