Талас облусунун Айтматов районунун Көк-Сай айылында автоээнбаштык кылган беш айдоочуга 75 миң сомдон айып салынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) кабарлады.Маалыматта айтылгандай, алар жол эрежелерин бузуп, башка айдоочуларга тоскоолдук жаратышкан. Автоунаалардын баары айып короосуна киргизилди.Интернетке тараган видеолордон көрүнүп тургандай, катар бараткан жеңил унаалардын терезесинен жана жүк ташуучу автоунаалардын...