Бишкектин түнкү автобустар маршрутунда күн сайын 2 миңден ашык сапар катталууда

Бишкекте түнкү автобустар маршрутунда күн сайын 2 134 транзакция катталууда. Бул тууралуу МП «Бишкек шаардык транспорт» директору Талант Капаров мэр Айбек Джунушалиев менен өткөргөн жумушчу жыйынында билдирди.
Түнкү маршруттардын иши шаардыктардан оң пикирлерди алууда. Тургундардын пикири боюнча, бул рейстердин ишке кириши түнкү шаарда жүрүүнү жеңилдетип гана тим болбостон, каражатты үнөмдөөгө да жардам берет.