Республикалык өзүнчө куткаруу отрядында МЧС КРдин куткаруу кызматынын жаңы футбол аянтчасы салтанаттуу ачылды. Иш-чарада өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев катышып, куткаруучулар арасында өткөрүлгөн турнирдын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Министр спорттун куткаруучулардын физикалык даярдыгын калыптандыруудагы маанилүүлүгүн белгилеп, бул өз кезегинде алардын кесиптик даярдыгын жогорулатууга жардам берерин айтты.
Республикалык өзүнчө куткаруу отрядында кызмат шарттарын жакшыртуу боюнча аракеттер улантылууда. Соңку айларда имараттар жаңыланып, заманбап видеокөзөмөл системалары орнотулду. Аскер кызматкерлерине ыңгайлуу шарттар түзүлүп, жаңы жабдыктар жана зарыл инвентарь менен камсыздоо жүргүзүлүүдө.