«Атамдын жолун улантууну каалайм»: аскердик окуу жайына талапкер Марлен Маткеримовдун тарыхы

Жогорку аскердик окуу жайына талапкер Марлен Маткеримов аскердик кесипке болгон мотивациясы, максаттары жана кызыгуулары менен бөлүштү. Ал атасы да армияда кызмат өтөгөнүн жана бала кезинен анын жетишкендиктери менен сыймыктанганын белгиледи.
Атасын жоготкондон кийин Марлен анын ишин улантууга чечим кабыл алып, өлкөгө кызмат кылууга арналды. Бул максатты ишке ашыруу үчүн ал аскердик лицейге тапшырды, ал эми аны аяктаган соң жогорку аскердик окуу жайына барууну тандады.
Марлен кабыл алуу процессинде туш болгон кыйынчылыктар жөнүндө айтып берди. Анын үчүн эң оор этап медициналык комиссиядан өтүү жана физикалык даярдык болду.
«Көпчүлүк тандоодон өтө алган жок. Мен лицейге тапшырганда, менин салмагым 86 килограммды түзгөн. Бир жылдын ичинде мен аны 76 кгга чейин төмөндөтүүгө жетиштим, ал эми быйыл дагы 12 килограмм жоготтум — азыр менин салмагым 64 кг. Кудайга шүгүр, мен жакшы физикалык формадамын», - деп белгиледи ал.
Мындан тышкары, Марлен аскердик окуу жайларына тапшырган бардык талапкерлерге ийгилик каалады.