



Бишкекте аймактардын жакшыртылышы боюнча нормаларды сактабагандыктан бир нече курулуш объектилериндеги иштер убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министрлигинен маалымдалды.
Ведомство «Курулуш объектилерин ишке ашыруу учурунда аймактарды жакшыртуу боюнча талаптарды камсыз кылуу» буйругу менен белгиленген талаптардын сакталуусун көзөмөлдөө үчүн рейддик иш-чараларды өткөрүп жатканы тууралуу маалымдады.
Текшерүүлөрдүн алкагында Ч. Валиханов көчөсүндөгү 9 кабаттуу турак үйдүн айланасындагы аймактар, ошондой эле Мичурина, Жашыл, Загорская көчөлөрүндөгү жакын жайгашкан үйлөр текшерилди. Текшерүү учурунда бул аймактарды жакшыртуу талаптарга ылайык эмес жүргүзүлүп жатканы аныкталды.
Атап айтканда, ички кирүү жолдорун, тротуарларды, авто токтотуучу жайларды, сырттагы жарыктандырууну жана жашылдандырууну уюштуруу боюнча талаптар аткарылган эмес.
Текшерүүнүн натыйжасында ОсОО «Дивизион Строй», ОсОО «Ак Билдинг» жана ОсОО «Арт Вин» курулуш компанияларына милдеттүү көрсөтмөлөр берилди. Объектилердеги иштер бардык аныкталган мыйзам бузуулар жоюлгандан кийин гана улантылат.