Бишкекте балдар арбаларын коомдук транспортто акысыз ташуу мүмкүнчүлүгү каралууда

Айбек Джунушалиев жана Талант Капаров Бишкектеги коомдук транспорттун ишин талкуулашты. Мэриянын маалымат кызматынын сүрөтү.
Бишкектин мэри Айбек Джунушалиев коомдук транспортто балдар арбаларын акысыз ташуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Инициатива пилоттук режимде сыноодон өтөт, андан кийин шаардык кеңеште талкууга чыгарылат, деп билдирет мэриянын маалымат кызматы.

Бул тапшырма Бишкектин шаардык транспорту муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров менен өткөрүлгөн жумушчу жыйында берилди, ал жыйында борбордун коомдук транспортун өнүктүрүү маселелери талкууланды.