
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Бишкек шаардык транспорт» МПнын директору Талант Капаров менен балдардын арбаларын коомдук транспортто ташуу үчүн ата-энелерди төлөмдөн бошотуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Бул чечим кичинекей балдары бар үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган.
Жыйында мэр арбаларды энелер үчүн акысыз ташууну камсыз кылуунун маанилүү экенин белгиледи. Ал бул инициативаны ишке ашыруу механизмин иштеп чыгуу сунушун берди жана аны бир айлык пилоттук режимде баштоону сунуштады. Бул убакыт ичинде шаардыктар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана киргизүүнүн натыйжаларын талдоо пландалууда. Баалоодон кийин Бишкек шаардык кенеши тарабынан каралышы үчүн чечим долбоорун даярдоо керек.