
Британиянын парламентинин мүчөлөрү маданият министри Лиза Нэндиге "Маша жана Аю" мультфильмин трансляциялоону токтотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылышты. Депутаттардын пикиринде, айрым эпизоддор орус "жумшак күчү" жана пропаганда элементтерин камтышы мүмкүн.