
Казакстандын Тышкы иштер министрлиги өз аймагынан Россиядагы объектилерге чабуул жасоо үчүн дрондордун жиберилиши тууралуу маалыматтарды четке какты. informburo.kz сайтында жайгаштырылган билдирүүдө, мындай билдирүүлөрдүн жалган экени жана эч кандай фактылар менен тастыкталган эмес экени белгиленди.
Министрликтен билдиришкендей, акыркы убакта бир катар медиа булактарда казакстандык аймактын дрондорду жиберүү үчүн колдонулушу мүмкүн экендиги тууралуу провокациялык маалыматтар таралууда. Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги, бул маалыматтар чындыкка дал келбестигин жана Казакстан менен Россиянын ортосундагы салттуу достук мамилелерди бузууга багытталган негизсиз инсинуациялар экенин белгиледи.