
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору ата-энелерге жаз мезгилинде балдардын туура тамактануусунун маанисине көңүл бурат. Адистер ысыкта жана эс алуучу мезгилде балдардын активдүүлүгү жогорулап, көптөгөн суюктуктарды жана пайдалуу заттарды жоготушу мүмкүн экенин белгилешет. Ошондуктан, алардын рациону жеңил, ар түрдүү жана витаминдерге бай болушу маанилүү.
Ата-энелер үчүн тамактануу режимин сактоого жардам берүүчү болжолдуу жумадык меню иштелип чыккан, ал балдарды керектүү белоктор, майлар, углеводдор, клетчатка, витаминдер жана минералдар менен камсыздайт.