АКШ Иранга жаңы соккуларды жасады, Тегеран Кувейт жана Бахрейнге кол салды


Сүрөт Reuters.
АКШнын куралдуу күчтөрү шаршемби күнү Ирандагы объектилерге жаңы соккууларды жасады, бул операция Ормуз булуңундагы кемелердин эркин жүрүшүн коргоого багытталганын баса белгиледи. Бул аракеттерге жооп катары Иран Кувейт жана Бахрейн аймактарына, америкалык аскер базалары жайгашкан жерлерге кол салууларын улантууда, деп билдиришти булактар.