Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров менен кеңешме өткөрүп, жол акыны накталай эмес төлөө системасын киргизүүнүн жыйынтыктарын талкуулады. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.Шаар мэри коомдук транспортто балдар арабасы үчүн жол акысын төлөөдөн бошотуу мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды.“Балдар арабасы менен коомдук транспортко түшкөн ата-энелер араба үчүн жол акысын төлөбөгөндөй шарт түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу...