Кыргызстанда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоковдун Дүйнөлүк банк өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Хью Риделл менен жолугушуусу болуп өттү. Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар «Социалдык жардам программаларын жана эмгек рыногун бекемдөө» долбоорун ишке ашырууга, пландалган иш-чараларды тездетүүгө жана эки тараптуу кызматташуу перспективаларына көңүл бурушту.
Долбоордун натыйжалуулугун жогорулатууга, калкты социалдык коргоо үчүн зарыл механизмдерге, ошондой эле жумушсуздукту азайтууга көңүл бөлүндү. Мындан тышкары, эмгек миграциясы тармагында кызматташууну кеңейтүүгө басым жасалды.