10-июлга караган түнү Бишкек убактысы боюнча 2026-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын чейрек финалдык этабы башталат. Бул чемпионат Канада, Мексика жана АКШнын аймагында өтүүдө. Турнирде жети команда калды, алар жарым финалга чыгуу үчүн парларга бөлүнгөн.
Чейрек финалга катышуучулардын арасында өткөн чемпионаттын үч жарым финалисти — Аргентина, Франция жана Марокко бар. ЧМ-2022нин финалисттери Аргентина жана Франция кайрадан турнирдеги чечүүчү матчта гана жолугуша алышат.