Бишкекте кытай жарандарынын санынын көбөйтүлүшү пландалууда, алар таштанды күйгүзүү заводунда иштөө үчүн тартылат. Мэрия тарабынан иштелип чыккан жобо коомдук талкууга жарыяланды.
Жобонун инициаторлору, 2024-жылдагы өкмөттүн токтомуна ылайык, Бишкек шаарында "Таштандыны кайра иштетүү негизинде электр энергиясын өндүрүү" инвестициялык долбоорун ишке ашырууга катышкан 500 Кытай жараны консулдук төлөмдөрдөн бошотулганын эскертишет.