Кыргызстандык спортчулар Индонезиянын Джакарта шаарында өтүп жаткан жаштар арасындагы Азия чемпионатында ийгиликтүү катышып башташты. 23 жашка чейинки спортчулар катышкан турнир ушул күндөрү башталып, көрүүчүлөрдүн жана бокс сүйүүчүлөрүнүн көңүлүн буруп жатат.
Соревнованиянын экинчи күнүндө, 9-июлда, рингге үч кыргызстандык чыкты. 65 кг категориясында мелдешкен Гулзина Мелсбек кызы 1/4 финалдан баштап, Кореялык атаандашына каршы жеңишке жетип, жарым финалга өттү. Тилекке каршы, Кыргызстандык эки башка катышуучу андан ары өтө албай, старттык жекпе-жектерде өз мелдештерин жыйынтыкташты.