10-июлга караган түнү Канада, Мексика жана АКШда 2026-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын чейрек финалдык этабы башталат. Титул үчүн 8 команда күрөшүп, алар 8 оюн өткөрүшү керек.
Учурда бомбардирлер жарышында аргентиналык Лионель Месси 6 оюнда 8 гол киргизип, лидерлик кылууда. Экинчи орунда Франциядан Килиан Мбаппе жана Норвегиядан Эрлинг Холанд 7 гол менен жайгашкан, ал эми Англиядан Харри Кейн 6 голго ээ.
4 голду Усман Дембеле (Франция), Джуд Беллингем (Англия) жана Микель Оярсабаль (Испания) киргизишти.
2026-жылдагы ДЧ бомбардирлеринин тизмеси
Турнирдин мыкты бомбардири ким болот?