Октябрь районунун Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери УПСМ жана Ички иштер министрлигинин Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте 9-июлга караган түнү Бишкекте бир катар рейддер өткөрүштү. Иш-чаралар «Прямоток», «Табакокурение» жана «Подросток-Ночь» профилактикалык акцияларынын алкагында өтүп, мопеддер, скутерлер жана көңүл ачуу жайлары текшерилди.

Бул рейддердин негизги максаты коомдук тартипти жана Кыргыз Республикасы мыйзамдарын бузгандарды аныктоо болду. Профилактикалык иш-чаралар борбордогу коопсуздук жана тартипти камсыздоого багытталган.