
Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп туулган жери боюнча жарандык алуу укугун чектөө маселесин кайра карап чыгууну баштоону пландап жатканын билдирди. Бул билдирүү Жогорку сот анын бул укукту чектөө боюнча жарлыгын конституцияга каршы деп тапкандан кийин айтылды.
Трамп Truth социалдык тармагындагы билдирүүсүндө: «Мен Жогорку соттон дароо кайра карап чыгууну суранам. Эгерде чечим кайра каралбаса, бул ката Америкага зыян келтириши мүмкүн», — деп баса белгиледи. Ал ошондой эле АКШда жана Мексикада туулган жери боюнча жарандык сунуштаган жарнама материалдары пайда боло баштаганын, бул болсо анын ою боюнча кабыл алынгыс экенин айтты. «Америкалык жарандык сатылбайт!» — деп кошумчалады ал.
Туулган жери боюнча жарандык берүүнү чектөө тууралуу жарлык Трамп кызматка киришкенден кийин, 2025-жылдын 20-январында кол коюлган. Документте ата-энелери өлкөгө мыйзамсыз кирген жаңы төрөлгөндөргө, ошондой эле АКШга убактылуу визалар менен келген энелердин балдарына, эгер атасы жаран же грин-картанын ээси болмосо, жарандык бербөө каралган.