Курулуш, архитектура жана ЖКХ министри Нурдан Орунтаев ведомствого жаш адистерди кабыл алуу тууралуу жарыялады. Бул билдирүү «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» медиа долбоорунун алкагында, 48 жылдан бери биринчи жолу жаңы материалдык-техникалык базаны алган жаңыланган Инженердик изилдөөлөр департаментине болгон сапар учурунда айтылды.

«Биз жаш адистерди биздин командага кошулууга чакырабыз. Бүгүнкү күнү ведомство ыңгайлуу иштөө үчүн бардык шарттарды түзүүдө: туруктуу жана убагында эмгек акы төлөнөт, сыйлык берүү системасы каралган. Жыйналган каражаттар структуранын ичинде калат. Биз департаменттин бюджетинен бир сом да алган жокпуз, бардык кирешелер анын модернизациясына жумшалат. Айрыкча, ведомствону өнүктүрүү үчүн жалпы баасы 20–30 млн сомдук жаңы заманбап жабдуулар сатып алынды», - деп белгиледи Нурдан Орунтаев.