







Курулуш жана ЖКХ министри Нурдан Орунтаев Инженердик изилдөөлөр департаментинин автобазасын зыярат кылып, капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жана жаңы атайын унаалардын иши менен таанышты. Бул иш-чара «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында өттү. Визит учурунда министр автобазанын 1978-жылы курулган имараты узак убакыттан бери жаңыланбаганын, бул болсо анын техникалык базасынын эскиришине алып келгенин белгиледи. Учурда объектте модернизация жана оңдоп-түзөө иштерине активдүү катышылууда.
1975-жылы негизделген Кыргыз мамлекеттик курулуш инженердик изилдөөлөр институту, 2025-жылдын 15-июлунда министрлер кабинетинин токтому менен Курулуш министрлигинин алдындагы Инженердик изилдөөлөр департаменти болуп кайра түзүлгөн.