9-июлга караган түнү украин дрондору Орусиянын бир нече аймагындагы күйүүчү май инфраструктурасынын объекттерине кайрадан чабуул койду. Бул жолу Тверь облусундагы жана Ставрополь крайындагы мунайбазаларына жана Таганрог булуңундагы эки танкер соккуга кабылды.Тверь облусунун губернатору Виталий Королёв чабуулдан кийин "Тверьнефтепродукт" мунай базасынын резервуарларынын бири өрттөнгөнүн билдирди. Анын айтымында, өрт чектөөгө алынып, жабыркагандар болгон жок. ASTRA басылмасы...