
Күчтүү жамгырлардан улам келип чыккан селдер Кытайдын түштүгүндө 39 адамдын өмүрүн алып кетти, ал эми дагы тогуз жаран дайынсыз жоголду, деп билдирет мамлекеттик «Синьхуа» агенттиги. Проблемалар Гуанси-Чжуан автономдуу районунда Хэнчжоу районундагы Люлань суу сактагычындагы дамбанын жарылышынан кийин башталды.
4-июлдан тарта регион «Майсак» тайфунын кесепеттери менен беттешип, бул автономиядагы 59 дарыяда суунун деңгээлинин кыйла жогорулашына алып келди. Региондун бийликтери кызыл эскертүү жарыялашты, бул эң жогорку кооптуу деңгээл болуп саналат. Натыйжада, болжол менен 130 миң адам эвакуацияланды жана бир нече суу сактагычтардагы дамбаларга зыян келтирилди. Кытайдын борбордук телевидениеси 375 миң жаран жабыркаганын билдирүүдө.