Бишкекте төрт жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы болду.
Кулагандын айтымында, окуя Чүй проспектиси, Тыныстанов көчөсүнүн жанында орун алды. Жол кырсыгына Changan, Honda Odyssey, Hyundai Sonata жана Mercedes унаалары катышты.
Кулагандын айтымында, Hyundai Sonata унаасынын айдоочусу ылдамдыкты туура эсептей албай, бир унаа менен кагылышып, бул чынжыр реакциясына жана дагы эки унаанын жабыркашына алып келген.