Тажикстандын бийлиги Орусияда мунайды экспорттоого убактылуу чектөө киргизилгенине байланыштуу авиациялык күйүүчү май сатып алуу боюнча Казакстан жана Түркмөнстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Тажикстандын Жарандык авиация агенттигинин башчысы Хабибулло Назарзодага таянып "Азаттыктын" тажик кызматы жазды.8-июлда өткөн маалымат жыйынында Тажикстандын Жарандык авиация агенттигинде авиация тармагын күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселеси талкууланды.Авиакеросин...