Каракол шаарындагы Көрүү жана угуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын коомунун окуу-өндүрүш мекемесинин кызматкерлери көп кабаттуу үйдөгү жашоо шарттарына нааразычылык билдиришти. Мындай маселени омбудсмен институтунун кызматкерлери жүргүзгөн мониторинг учурунда аныкташты.

Омбудсмен институтунун маалымат кызматына ылайык, көп кабаттуу үйдүн жашоочулары Каракол шаардык мэриясына оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү боюнча үзгүлтүксүз кайрылышат, бирок алардын талаптары жоопсуз калууда. Каржы жетишсиздигинен улам, алар зарыл болгон иштерди өз алдынча жүргүзүүгө же жашоо ордун алмаштырууга мүмкүнчүлүгү жок, бул болсо аларды коопсуз эмес шарттарда жашоого мажбур кылууда.